Рус Кырг Eng

КСДП Бишкек шаардык кенешке талапкерлердин тизмесин аныктады

КСДП Бишкек шаардык кенешке талапкерлердин тизмесин аныктады

29-октябрда өткөн КСДПнын шаардык конференциясында Бишкек шаардык кеңешке талапкерлердин тизмеси бекитилди.
Шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев мурунку чакырылыштагы депутаттардын аткарган негизги иштери жөнүндө айтып берди.

Аппарат жетекчи – Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Канатбек Ирсалиев катышуучуларды регламент менен тааныштырып, шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмелери боюнча добуш берүүдө зарыл болгон бардык жолжоболорду көрсөттү. Курч дебаттар жана жашыруун шайлоо социал-демократтардын тандоосун чечти. 123 – макул, 28 – каршы болду. Мындай ыкма менен 2016-жылдын Бишкек шаардык кеңешине КСДПнын атынан барчу талапкердердин тизмеси аныкталды. КРнын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык, жыйында Бишкек шаардык шайлоо коммисиясынын төрагасы Кайрат Маматов да болду.

Жыйынды Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраев жыйынтыктап, учурдагы шаардык кеңештин курамы реалдуу жумуштарды аткарууда да, калк менен иштешүүдө да реалдуу жыйынтык көрсөтө алганын белгиледи.

http://www.turmush.kg/news:313837