Рус Кырг Eng

Кара-Балта шаардык кеңешти шайлоого 11 партия катышат

Кара-Балта шаардык кеңешти шайлоого 11 партия катышат

Кара-Балта шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 11 саясий партия каттоодон өттү.
Жайыл райондук аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоого катышуучу партиялардын документтерин кабыл алуу кечээ, 31-октябрда токтотулду.

Каттоодон өткөн партиялар:
– «Элдик-Народная»;
– «Өнүгүү-Прогресс»;
– «ЭлАман»;
– «Жаңы Шаар»;
– КСДП;
– «Республика — Ата Журт»;
– «Кыргызстан»;
– «Ак-Шумкар»;
– «Кайнар»
– «Ата Мекен»;
– «Содружество – партия народов Кыргызстана».

Талапкерлердин документтери 10 күндүн ичинде текшерилет. Текшерүүлөрдөн кийин гана үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

http://www.turmush.kg/news:313955