Рус Кырг Eng

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор боюнча республикалык штабдын биринчи жыйыны өттү

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор боюнча республикалык штабдын биринчи жыйыны өттү

Бүгүн, 21-октябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында
жергиликтүү кеңештерге шайлоолор боюнча республикалык штабдын биринчи жыйыны өттү.

Премьер-министрдин буйругуна ылайык, штабдын төрагасы болуп биринчи вице-премьер-министр
Мухамметкалый Абулгазиев дайындалды. Анын орун басары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы
Тайырбек Сарпашев болду. Республикалык штабдын курамына министрликтер менен
ведомстволордун жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирди.

БШК төрайымы Н.Шайлдабекова президенттин жарлыгына ылайык, шайлоо үстүбүздөгү жылдын
11-декабрында өтө турганын эске салды. Анын айтымында, 397 айылдык жана 22 шаардык кеңеште шайлоо болот.
Бүгүнкү күндө аймактык комиссияларды керектүү жабдуулар жана байланыш менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.
Өз кезегинде Мамкаттоонун төрагасы Т.Сарпашев, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана каттоо иштери да жүрүп жатканын кошумчалады.
«Алдыдагы боло турган шайлоодо ID-карта жана андагы көрсөтүлгөн дарек боюнча гана шайлоо болот», – деди ал.

С.Жээнбеков азыркы шайлоо системасы шайлоону акыйкат жана ачык өткөрүүгө мүмкүндүк берерин
баса белгилеп, штабдын башкы милдети БШК аймактык комиссияларга, жергиликтүү кеңешке шайлоолорду өткөрүүдө,
уюштуруу жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо иштерине убагында көмөк көрсөтүү болуп саналарын кошумчалады.
Жыйындын соңунда мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө шайлоо
мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

http://www.turmush.kg/news:313301