Рус Кырг Eng

Референдум: Чет өлкөлөрдө үч миңден ашуун жаран гана добуш берди

Референдум: Чет өлкөлөрдө үч миңден ашуун жаран гана добуш берди

Чет мамлекеттерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген кыргызстандык 58 598 жарандын 3162си гана референдумга келип, добуш берди.

Тышкы иштер министрлигинин 12-апрелдеги маалыматына караганда, бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү жараяны таза өтүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталды.

11-апрелде референдумга байланыштуу 28 мамлекетте жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүн 48 добушканаачылды.

Бул ирет тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны мурдагыдан 9 117ге көбөйгөнү айтылган.

Акыркы болуп Вашингтондогу шайлоо тилкеси 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 06.00дө жабылды.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлган.

Баштапкы жыйынтыкка ылайык, референдумда шайлоого келгендердин 79% ашыгы президенттик башкаруу ыкмасын колдошту.

https://www.azattyk.org/a/31199015.html