Рус Кырг Eng

Референдум: 90 миңден ашык бюллетень жараксыз деп табылды

Референдум: 90 миңден ашык бюллетень жараксыз деп табылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына ылайык, Конституциянын жаңы долбоору үчүн добуш берүүдө 92 миң 944 бюллетень жараксыз болуп калган.

Жалпысынан референдумга катышууга үчүн 3 миллион 606 миң 201 шайлоочу катталган. Анын ичинен 11-апрелде шайлоого 1 миллион 336 миң 754 киши (37.07%) келди. Референдумга 1 миллиондан көбүрөгү (79.23%) макул десе, 182 миң 553 (13.66%) киши каршы добуш берген.

Сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн шайлоочулардын 30% келиши керек.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш берип жатып, “Кыргызстан буга чейин башка мамлекеттерден көчүрүлгөн Конституция менен жашап келген. Баш мыйзамды биринчи жолу өзүбүз жаздык” деп билдирген.

Жаңы долбоорго ылайык, президент беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат. 2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияда болсо мамлекет башчынын кызматтык мөөнөтү алты жыл деп чектелген.

Эгер баш мыйзамдын жаңы долбоору кабыл алынча президент аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Ошондой эле өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Аны жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.

https://www.azattyk.org/a/31199181.html