Рус Кырг Eng

Жогорку соттун Окуу борбору Сот адилеттигинин Жогорку мектеби болуп түзүлдү

Жогорку соттун Окуу борбору Сот адилеттигинин Жогорку мектеби болуп түзүлдү

Жогорку соттун Окуу борбору Сот адилеттигинин Жогорку мектеби болуп түзүлдү

Президент Алмазбек Атамбаев «КР Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Судьялык өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, Жогорку соттун алдындагы Окуу борбору Сот адилеттигинин Жогорку мектеби болуп кайра түзүлөт. Ал жергиликтүү соттордун судьялык кызматына талапкерлерди окутат, иштеп жатышкан судьялардын жана соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин адистигин жогорулатат.

Мыйзамда ошондой эле, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуучуларына эмгек акы төлөөнүн жана окутуу процессин көзөмөлдөөнүн тартиптери аныкталган, жана КРнын судьлар Кеңешинин бул чөйрөдөгү ыйгарым укуктары бекитилген.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

http://www.turmush.kg/news:307809