Рус Кырг Eng

КРнын адвокаттарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү принциби жүзөгө ашырылат

КРнын адвокаттарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү принциби жүзөгө ашырылат

КРнын адвокаттарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү принциби жүзөгө ашырылат

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кол койду, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Мыйзамдын 32-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, юридикалык жакты түзүү менен адвокаттык иш менен алек болгон адвокаттар Адвокатураны мамлекеттик каттоодон өткөргөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде өз ишин кайра каттоодон өткөрүүгө милдеттүү болчу. Бирок КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы чечими менен аракеттеги мыйзамда коммерциялык максаттарды көздөбөстөн адвокаттык иш менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү адвокаттык уюмдардын уюштуруучулук-укуктук формалары жок болгондуктан, мыйзамдын бул талаптарын аткаруу мүмкүн эмес деп табылды.

Бул мыйзамда адвокатка көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү принциби жүзөгө ашырылган. Ага ылайык адвокат адвокаттык ишти уюштуруунун атайын 3 формасынын бирин эркин тандай алат: адвокаттык кабинет, адвокаттар коллегиясы жана адвокатттар бюросу. Адвокаттык кабинет – бул юридикалык жакты түзбөстөн жекече адвокаттык иш менен алектенүүнүн формасы. Ал эми коллегия жана бюро – коммерциялык уюм эмес болуп эсептелген юридикалык статусу бар жамааттык форма.

Кабыл алынган мыйзам социалдык адвокатуранын формасы катары юридикалык консультацияларды түзүүгө жол берет. Юридикалык консультациялар КР Адвокатурасы тарабынан 2 же андан аз адвокаттар иштеген райондордо түзүлөт. Анын максаты – жарандардын республиканын бардык аймактарында квалификациялуу юридикалык жардамдан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

Бул мыйзамда адвокаттын статусунун, адвокаттык кабинеттерди жана адвокаттык уюмдарды түзүүнүн, адвокаттык уюмдардын, ошондой эле адвокаттын (адвокаттык уюмдун) жана үчүнчү жактардын (ишеним көрсөтүүчү, Адвокатура, юстиции органдары, салык органдары ж.б.) ортосундагы өз ара мамилелердин укуктук негиздери аныкталган.

http://www.turmush.kg/news:307607