Рус Кырг Eng

Шайлоо мыйзамдарындагы укук бузууларга каршы туруу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Жалал-Абад жана Ош шаарларында тренингдер болуп өттү

КФ «Жарандык платформа» Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (КР БШК) менен биргеликте, ушул жылдын 20-21-июлдарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тренингдерди өткөрдү.

Шайлоо мыйзамдарындагы укук бузууларга каршы туруу боюнча тренингдер ички иштер органдарынын жетекчи курамы  жана прокуратура органдары үчүн Жалал-Абад жана Ош шаарларында өткөрүлдү.

Тренингдер,  «Шайлоо тутумун жакшыртууда Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүү» аталышындагы  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Семинар-тренингдердин  негизги максаты – ИИО, прокуратура органдары менен шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттешүү механизмдерин иштеп чыгуу, ошону менен бирге шайлоо процессиндеги шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурс таасирлерине бөгөт коюу болуп саналат.

2017-жылдын 15-октябрында КР Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу практикасына бөгөт коюу максатында, катышуучулар үчүн БШК жана ЖӨБ органдары менен биргеликте укук коргоо түзүмдөрүнүн өз ара аракеттешүү механизми иштелип чыгат.

Тренингдерде төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулат: прокуратура органдарынын, укук коргоо органдарынын жана шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттешүү тартибине; шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн каралган жоопкерчилике (административдик, жазык жоопкерчиликтери); шайлоо укуктарын коргоо боюнча ишти сотто кароонун өзгөчөлүгүнө.

Семинарлардын жыйынтыктары боюнча, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, административдик ресурсту колдонууга бөгөт коюуга, ошону менен бирге шайлоо мезгилиндеги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча усулдук сунуштамалар жана сунуштар иштелип чыгат.

Мындай тренинг-семинарлар ушул жылдын 17-июлунан тартып 6-августуна чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чолпон-Ата шаарларында өткөрүлөт.

Тренингдерге Кыргыз Республикасынын прокуратура жана ички иштер органдарынын 304 кызматкерлери катышышат.