Рус Кырг Eng

Шайлоо мыйзамдарын бузууга каршы туруу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир катар тренингдер өткөрүлүп жатат.

Бишкекте Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчи курамдарына  жана прокуратура органдарына шайлоо мыйзамдарындагы укук бузууларга каршы туруу боюнча тренинг болуп өттү.

КФ «Жарандык платформа» Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (КР БШК) менен биргеликте, ушул жылдын 17-июлунан тартып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тренингдерди өткөрүүнү баштайт.

Тренингдер,  «Шайлоо тутумун жакшыртууда Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүү» аталышындагы  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

Семинарлардын негизги максаты – шайлоо мыйзамдарындагы жаңычылдыктар жөнүндө актуалдуу маалыматтарды укук коргоо органдарынын кызматкерлерине берүү болуп саналат.

Тренингдин катышуучулары болуп, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жана ички иштер органдарынын жетекчи курамдары эсептелишет.

Окутуу учурунда катышуучулар шайлоо процесси жөнүндө керектүү маалыматтарды жана көндүмдөрдү ала алышат,  Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы жаңычылдыктар тууралуу, анын ичинде шайлоо процесси мезгилиндеги укук бузуу маселелери жөнүндө билишет.

2017-жылдын 15-октябрында КР Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу практикасына бөгөт коюу максатында, катышуучулар үчүн БШК жана ЖӨБ органдары менен биргеликте укук коргоо түзүмдөрүнүн өз ара аракеттешүү механизми иштелип чыгат.

Тренингдерде төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулат: прокуратура органдарынын, укук коргоо органдарынын жана шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттешүү тартибине; шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн каралган жоопкерчилике (административдик, жазык жоопкерчиликтери); шайлоо укуктарын коргоо боюнча ишти сотто кароонун өзгөчөлүгүнө.

Семинарлардын жыйынтыктары боюнча, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, административдик ресурсту колдонууга бөгөт коюуга, ошону менен бирге шайлоо мезгилиндеги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча усулдук сунуштамалар жана сунуштар иштелип чыгат.

Мындай тренинг-семинарлар ушул жылдын 17-июлунан тартып 6-августуна чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чолпон-Ата шаарларында өткөрүлөт.

Тренингдерге Кыргыз Республикасынын прокуратура жана ички иштер органдарынын 304 кызматкерлери катышышат.