Рус Кырг Eng

Кара-Балта шаарындагы шайлоо процесси боюнча тренинг

«Жарандык платформа» КФнун эксперттери ЗульфияТурумбекова жана  Мадина Атабаева Кара-Балта шаарындагы жарандык сектор үчүн кезектеги тренингди өткөрүштү.

Тренингдер  «Аң-сезимиң менен танда! Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооптуусуң!» аталышындагы маалыматтык-окутуу өнөктөштүгүнүн алкагында өткөрүлүп жатат.

Тренингдердин негизги максаты – жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу.

Окутуу учурунда катышуучулар 2017-жылдагы КР Президентин шайлоого катышуу эрежелери жана  негиздери ошондой эле, шайлоо мыйзамдары бузулган учурда шайлоо укуктарын коргоо боюнча керектүү маалыматтарды алышты.