Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо бүткөнчө ишке чыкпайт
29.09.17

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо бүткөнчө ишке чыкпайт. 15-октябрга чейин жалпы отурумдар, фракциялык жана комитеттик жыйындар дагы өтпөйт. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агентигине парламенттин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова ырастады.
«Депутаттар шайлоо көз салыш үчүн аймактарга чыгып кетишет. Андыктан жыйындар болбойт» – деди ал.
Эскерте кетсек, парламент эки айлык эс алуудан кийин сентябрда кайра ишке киришкен.
Кыскача шилтеме: https://platforma.kg/ky/?p=7283