Рус Кырг Eng

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо бүткөнчө ишке чыкпайт

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо бүткөнчө ишке чыкпайт

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо бүткөнчө ишке чыкпайт. 15-октябрга чейин жалпы отурумдар, фракциялык жана комитеттик жыйындар дагы өтпөйт. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агентигине парламенттин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова ырастады.

«Депутаттар шайлоо көз салыш үчүн аймактарга чыгып кетишет. Андыктан жыйындар болбойт» – деди ал.

Эскерте кетсек, парламент эки айлык эс алуудан кийин сентябрда кайра ишке киришкен.

https://24.kg/kyrgyzcha/64049/