Рус Кырг Eng

Шайлоо-2020: Үгүт ишине катыша турган ЖМК жана интернет-басылмалар каттоого алынды

Шайлоо-2020: Үгүт ишине катыша турган ЖМК жана интернет-басылмалар каттоого алынды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларды расмий каттады. Мекеменин маалыматына караганда, 27-июлдагы отурумунда комиссия аларды аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды.

Тизмеге 210 ЖМК жана интернет-басылма кирди. Алардын 57си телекомпания, 52си гезит-журнал, 26сы радио жана 75и интернет-басылма.

Эфир убактысы, басма аянты жана интернет-басылмага жарыялоо укугу үчүн акы төлөө шарттары тууралуу маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланат.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген, БШК алардын бирөөнүн ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоодон баш тартып койгондуктан азыр соттошуу уланууда.

Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жок экенин айтып жатышат. Ал эми БШК бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламент өз мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитерин 18-июлда айтты.

https://www.azattyk.org/a/30751607.html