Рус Кырг Eng

Шайлоо-2020: Бардыгы болуп 44 партия документ тапшырды, тизме жабылды

Шайлоо-2020: Бардыгы болуп 44 партия документ тапшырды, тизме жабылды

Кезектеги парламенттик шайлоого катышкысы келерин 44 саясий партия билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-июлда алардын толук тизмесин жарыялап, партиялардан документ кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын белгиледи. Тизмедеги партиялар:
1. «Ата Мекен»
2. «Мекенчил»
3. «Бирик»
4. «Мекен Ынтымагы»
5. «ОРДО»
6. «Бийлик элге» («Власть народу»)
7. «Чон Казат»
8. «Кыргызстандын коммунисттеринин партиясы»
9. «Единство народа»
10. «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Актив»
12. «Кыргызстандын жумушчу партиясы»
13. «Республика»
14. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы»
15. «Бир Бол»
16. «Демократ»
17. «Улуу журт»
18. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»
19. «Эмгек партиясы»
20. «Социал-демократтар»
21. «Бүтүн Кыргызстан»
22. «Чистое общество» («Таза Коом»)
23. «Ар-Намыс» («Партия достоинства»)
24. «Кыргызстан»
25. «Ыйман Нуру»
26. «Ак Калпак»
27. «Мекеним Кыргызстан»
28. «Адам-Демократ»
29. «Жаратман Эл»
30. «Биримдик» («Единство»)
31. «Реформа»
32. «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы»
33. «Глас народа»
34. «Улуу Кыргызстан»
35. «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы»
36. «Тартип-Порядок»
37. «Замандаш»
38. «Кыргызстандын патриоттор»
39. «Элдик көзөмөл»
40. «Бүткүл жаштар саясий партиясы»
41. «КУТ»
42. «НУР»
43. «Өнүгүү-Кыргызстан»
44. «Билим Илим Ордосу».

Мыйзам боюнча, эми алардын документтерин текшерип, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жараяны жүрөт.

Андан кийин каттоого алынган партиялар шайлоо фондун ачып, күрөө коюп башташы керек болот. Кийинки жараян – съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүү.

Кыргызстанда, БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, жалпысынан 259 саясий партия бар.

120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоого 2010-жылы 28, ал эми 2015-жылы 14 партия катышкан.

Быйыл 30-июнда Кыргызстанда шайлоо босогосу тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүлгөн.

3-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Социалдык түйүндөрдө эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирлер айтылып жатат.

БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирүүдө.

https://www.azattyk.org/a/30715495.html