Рус Кырг Eng

БШК “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишенимдин жана стабилдүүлүктүн кепилдиги!” коомдук диалогун өткөрдү

БШК “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишенимдин жана стабилдүүлүктүн кепилдиги!” коомдук диалогун өткөрдү

Бүгүн, 14-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен өнөктөштүктө “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишенимдин жана стабилдүүлүктүн кепилдиги!” деп аталган коомдук диалог өткөрдү.  

Бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындык маселелери боюнча билим берүүчү долбоордун алкагында ишке ашырылып жатат.

Диалогдун максаты 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүүдөгү өзгөчөлүктөр жана концептуалдуу маселелер менен катышуучуларды тааныштыруу. Иш-чарага КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова, Кыргызстандагы ПРООНдун өкүлү Юлия Шипилова, саясый партиялардын өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук эксперттер катышты.

Н.Шайлдабекова 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоолорду өткөрүүнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

“Добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгү маселесиндеги көз карандысыздыкты камсыздоо максатында шайлоочулардын тизмесин тактоо укуктары Мамлекеттик каттоо кызматынан Боршайкомго берилди. Добуш берүүгө жетүүнүн жалпы шарттарын жакшыртуу үчүн “Тизме” (https://tizme.gov.kg/ порталы эми ай сайын актуалдаштырылып турат. Жарандардын шартына карап шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо мөөнөтү 20 күнгө көбөйдү. Республикадан тышкары же чет өлкөлөрдө жашаган шайлоочулар үчүн шайлоо участокторунун саны 44кө чейин көбөйдү. Консулдук каттоого коердо шайлоо укугунун артыкчылыктуу экендиги киргизилди”, – деди БШК төрайымы.

Мурдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу быйылкы шайлоодо шайлоочулардын саны 667 миң адамга көбөйгөнү белгиленди.

БШК төрайымы өз сөзүндө шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды белгиледи. Ал шайлоочулардын маалыматтарды алууларынын, процесстин бардык катышуучуларынын шайлоо процессин түшүнүүсүнүн шарты жакшыртылгандыгын айтып берди.

“БШК тарабынан атайын иштелип чыккан “Талапкер” платформасында саясый партиялардын жана талапкерлердин программалары, партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддору тууралуу маалыматтар жарыяланып турат. Шайлоону каржылоо ачык болот, ал эми партиялардын программалары менен таанышуу мүмкүндүгү шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоого алып келет. Мындан тышкары, мурда мыйзам аркылуу жарандардын эркин билдирүүсүнө ресурстардын таасирин азайтууга багытталган агитациянын жаңы эрежелери киргизилген, дебаттарды уюштуруу үчүн аянттар кеңейтилет.

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн атайын форматтар иштелип чыкты. Шайлоо учатокторунун кесилиштери боюнча керектөөлөрдүн картасы түзүлүп жана туруктуу такталып жатат. Талапкерлер жана саясый партиялар агитациялык материалдарды сурдокотормону колдонуу же субтитрлерди берүү менен, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифттер менен басуу, ошондой эле Брайль шрифтин колдонуу же башка атайын каражаттарды колдонуу менен, жалпы агитациялык материалдардан бир пайыздан кем эмес материалдарды басып чыгарып, таратууга милдеттүү”, – деди Н. Шайлдабекова.

Ал ошондой эле БШК шайлоолорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын ден соолугун сактоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыккандыгын билдирди.

Коомдук диалогдо Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына ишенимди жана ачыктыкты жогорулатууга багытталган шайлоолордун укуктук негиздери, технологиялык процесстер да талкууланып жатат. Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо (бет кап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо) менен өткөрүлдү.