Рус Кырг Eng

Саясий партиялар үчүн коомдук диалог уюштурулат

Саясий партиялар үчүн коомдук диалог уюштурулат

14- августта Бишкекте «Шайлоонун калыстыгы жана аныктыгы – ишеним менен туруктулуулуктун кепилдиги!» аттуу коомдук талкуу өтөт.

Иш-чарада парламенттик шайлоого катышуучу партиялардын каржы фондунун ачыктыгы, талапкерлердин тизмеси жана башка маанилүү маселелер боюнча талкуу болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Талкууну ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү БШК менен чогуу өткөрөт.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрга дайындалган.

https://www.azattyk.org/a/30782982.html?fbclid=IwAR1v0CJlqX6knzfetHHIsgwHOqM5PiDJ9_xIBrLB4U-_C3hoAGJHRqHdwNQ