Рус Кырг Eng

Шайлоо учурунда шайлоо кампанияларынын каржылануусун чагылдыруудагы ЖМКнын ролу жөнүндө коомдук диалог болду

21-августта КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте “Шайлоо учурундагы шайлоо кампанияларынын каржылануусун чагылдыруудагы ЖМКнын ролу” деп аталган коомдук диалог өткөрдү.

Бул иш-чара Кыргызстандагы ПРООНдун жардамы менен, КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы боюнча билим берүү долбоорун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.

Коомдук диалогдун башкы максаты – ЖМК жана Интернет-басылмалардын өкүлдөрү менен шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүү жана сапаттуу болушуна түздөн-түз жана бир топ таасир тийгизген шайлоо кампанияларынын каржылануусундагы маселелерди талкуулоо болду.

Катышуучуларга КР БШК төрайымынын орун басары А. Бегматов, ПРООНдун шайлоону колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова жана “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси А. Усупбекова кайрылышты.

БШК төрайымынын орун басары А. Бегматов шайлоо процессиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана Интернет-басылмалардын ойной турган чоң ролу тууралуу айтып берди. “ЖМКлар шайлоочуларга аң-сезимдүү тандоого жардам беришет, шайлоо процессинин бардык кызыкдар тараптарынын ортосунда коммуникациялык функцияны аткарышат. Керек болсо ЖМК шайлоочуларга маалымат берип гана тим болбой, шайлоонун ачыктыгын, мыйзамдуулугун, жана аныктыгын да камсыз кыла алат”, – деди ал.

ПРООНдун шайлоолорду колдоо боюнча программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова өз сөзүндө саясатта шайлоочу кандай тандоо жасай тургандыгына акча чоң роль ойной тургандыгын белгиледи. “ЖМК жана Интернет-басылмалар саясый партиялар кандай каржыланып жаткандыгы, алар каражатты эмнеге коротуп жаткандыгы боюнча обьективдүү жана калыс маалымат берип туруулары абдан маанилүү. Бул шайлоочуларга аларга шайлоо кампанияларын каржылоодо кандай ыкманы кабыл ала алуу же кабыл ала алышпай тургандыгы боюнча толук картинаны ачып билүүгө жана кайсы саясый күчтү колдоо керектигин аң-сезим менен тандоого жардам берет”, -деди Ю. Шипилова.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А. Усупбекова демократиялык укуктук коомду, күчтүү жарандык коом курууда, өткөрүлүп жаткан реформалардын ачык-айкындыгын камсыздоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экендигин белгиледи. Өзгөрүүлөр тууралуу, өлкөдөгү бардык көйгөйлөр тууралуу ошондой эле чечүүнү талап кылган бардык маселелер боюнча маалыматтарды жарандар ЖМК аркылуу алып турушат деди.

“Шайлоо кампанияларынын каржылануусун талкуулоо биздин өлкөдө жакында эле пайда болду. Катышуучулардын көпчүлүгү талапкерлердин шайлоо фонддорунун отчеттуулугу жана негизги концепциялары менен тааныш эмес. Ошондуктан бүгүнкү диалог саясый каржылоонун концепцияларын талкуулоо, бардык кызыкдар тараптар шайлоо кампанияларын каржылоонун негизги эрежелерин түшүнүүсү үчүн, шайлоо учурундагы талапкерлердин отчеттуулугунун так механизмдери бере турган ачык маалыматтар менен мониторинг кылуу билимин алса болот. Биздин журналисттик коомчулукта мамлекеттик саясатка жетүү жана жарандарга саясат жана акча тууралуу, каражаттын шайлоо жыйынтыгына таасири жөнүндө маалымат берүүдө мыкты мүмкүнчүлүктөр пайда болду”, – деди А. Усупбекова.

Ошондуктан биринчи коомдук диалог ишке кирип, анын аркасы менен бардык журналисттер үчун тренингдер өтүп, ага ачык маалыматтар менен иштей билүү жөндөмдөрүнө ээ болууну каалагандар катышып, бул жарандарга партиялардын фонддорунун булактары, ал каражаттардын сарпталышы тууралуу маалымат берүүгө жардам берет.

Спикерлер катышуучуларга айткан сөздөрүндө КР Жогорку Кеңешине шайлоону акыйкаттык менен чагылдыруудагы ЖМК ролу тууралуу, шайлоо кампаниясын каржылоо тууралуу, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун каржылануусунун ачыктыгы боюнча, шайлоону өткөрүүдө шайлоо фонддорунун каражаттарынын сарпталышынын түзүлүшү тууралуу кенен айтып беришити.