Рус Кырг Eng

«Реформа» партиясы Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга каршы Конституциялык палатага даттанды

«Реформа» партиясы Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга каршы Конституциялык палатага даттанды

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылды. Бул тууралуу арыз 28-октябрда берилгенин партиянын өкүлү Рита Карасартова «Азаттыкка» маалымдады.

Анын айтымында, бул мыйзам Конституциянын бир нече беренесине дал келбейт.

«Булар бир олтурганда үч окуудан дароо өткөрүп, 20-декабрда боло турган шайлоону кийинки мөөнөткө жылдырып койгон. Бул Конституцияны жана башка көптөгөн мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган деп Конституциялык палатага кайрылдык. Бул бийликти узурпациялоо», – деди Карасартова.

Кеп болгон мыйзамга байланыштуу Конституциялык палатага кайрыларын аталган партиянын лидери Клара Сооронкулова 26-октябрда маалымдаган эле. Ал «аталган мыйзамдын кабыл алынышы менен Конституциянын өзү легитимсиз болуп калып жатканын» айткан.

Жогорку Кеңеш кабыл алынган мыйзам 27-октябрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланып, расмий күчүнө кирди.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Айрым депутаттар бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, «бийликти бир кишинин колуна берүү аракети» деп баалашса, демилгечилер бул мыйзам долбоорун жазууда Конституциянын бир да эрежеси бузулбаганын айтышкан.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров сөз болуп жаткан конституциялык мыйзамга парламент кабыл алган күнү, 22-октябрда кол койгон.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы массалык добуш бурмалоого калайык каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган соң, БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Бир катар партиялар шайлоону мыйзам чегинде жана Боршайком белгилеген убакытта (20-декарда) өткөрүүнү, жаңы чакырылыштагы парламент калыптана элек өткөөл учурда азыркы Конституцияны өзгөртүү далалатынан баш тартууну талап кылып жатышат.

Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. БШК жогорку инстанциядагы сотко кайрыларын айткан.

Садыр Жапаров парламенттик шайлоо 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында өтөрүн билдирген.

 

https://www.azattyk.org/a/30916856.html