Рус Кырг Eng

Элвира Сурабалдиева вице-премьер-министр болуп дайындалды

Элвира Сурабалдиева вице-премьер-министр болуп дайындалды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, Элвира Сурабалдиева Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалды.

Сурабалдиева КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын 27-октябрда тапшырган. Бүгүн, 28-октябрда парламент анын талапкерлигин вице-премьер-министрлик кызматка жактырды.

Парламент ошондой эле 28-октябрдагы жыйынында мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилованы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине дайындоо боюнча өкмөттүн сунушун да караган. Бирок депутаттар Исмаилованын талапкерлигин колдогон жок.
Буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети эки талапкерди тең колдогон.

Жалпы жыйында депутаттар Сурабалдиеваны бир добуштан жактырып, ага анча көп суроо беришкен жок.

Ал эми Аида Исмаилованын дарегине көпчүлүк депутаттар сын айтып, коронавирус эпидемиясы күчөп, адамдар өлүп жаткан кезде вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп, «Биримдик» партиясы менен парламенттик шайлоого кетип калганын айыпташты.

Исмаилова өкмөт башчынын орун басарлыгына быйыл 1-апрелде дайындалып, бул кызматтан 27-октябрда бошотулган.

Депутаттардын сынына жооп берип жатып Исмаилова дайыма элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп келгенин, коронавирус эпидемиясы башталган кезде депутат болуп турганда бул маселени көп көтөргөнүн айтты.

https://www.azattyk.org/a/30917222.html