Рус Кырг Eng

«Үмүт» саясий кыймылы парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү талап кылды

«Үмүт» саясий кыймылы парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү талап кылды

«Мекен Ынтымагы», «Реформа», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» баштаган бир топ партиянын өкүлдөрү «Үмүт» аттуу саясий кыймыл түзгөнүн жарыялап, парламентке кайра шайлоону Конституцияга ылайык, 20-декабрда өткөрүүнү талап кылышты. Бул тууралуу талабын алар 28-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында кабарлашты.

Чогулгандар шайлоого байланыштуу мыйзамдарга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол коюп, шайлоону калыс өткөрүп бериши керек экенин белгилешти. Алар ошондой эле Баш мыйзамды шашылыш реформалоого каршы экенин, аны президенттик жана парламенттик шайлоону өткөргөндөн кийин добуш берүүгө чыгарса болорун билдиришти.

Партия өкүлдөрү мындан сырткары 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу утулган партиялардын күрөөлөрүн кайра кайтарып берүүнү талап кылышты.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарган жана кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Парламент мыйзамга бул шайлоону Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүү тууралуу өзгөртүү киргизип, аны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен бекиткен. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. БШК жогорку инстанциядагы сотко кайрыларын айткан.

Садыр Жапаров парламенттик шайлоо 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында өтөрүн билдирген.

 

https://www.azattyk.org/a/30916788.html