Ошто Кыргызстандын шайлоо системасын жакшыртуу боюнча аймактык диалог өтөт

Бул тууралуу КРнын БШКсынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул диалогдо “Кыргызстандагы 2018-2020-жылдардагы шайлоо жөнүндөгү мыйзамынын стратегиясын жакшыртуу” боюнча долбооруна алымча-кошумчалоо мүмкүнчүлүктөрү айтылат.
Анда негизинен – шайлоо процессине катышкандардын укуктук байланыштардын башкаруу механизмдерин жакшыртуу, шайлоо мыйзамдарында көрсөтүлгөн эскертүүлөр менен мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча механизмдердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу, шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен кызматташуусу сыяктуу аспекттер каралат.
Талкууга эксперттер, ЖКнын фракция жана жарандык коомдун өкүлдөрү, саясий партиялардын мүчөлөрү, Эл аралык уюмдун кызматкерлери чакырылган.
Бул иш-чара ЕККУнун колдоосу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу тарабынан өткөрүлүүдө.
http://www.ca-irnews.com/kg/society-kg/42886