Рус Кырг Eng

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү керекпи?

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү керекпи?

Бишкекте шайлоо мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды.

Ага арналган коомдук талкуу 11-майда Бишкекте президенттик аппараттын, ЖК депутаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, саясатчылар менен жарандык активисттердин катышуусунда өттү. Анда өткөн шайлоолордун жүрүшүндөгү кемчиликтер, БШКга сын-пикирлер арбын айтылды.

Жыйында 2015-жылы болгон парламенттик, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодогу негизги кемчиликтер белгиленди. Алардын катарында шайлоочулардын тизмесине, талапкерлердин тизмесин түзүүгө, эмгек мигранттарынын добуш берүү укуктарына, добуш сатып алууга, административдик ресурсту пайдаланууга байланышкан маселелер бар.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усупбекованынайтымында, кемчиликтерди жоюу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы, коомдук уюмдар, мамлекеттик органдар ж. б. менен бирге жумушчу топ түзүлгөн.

– Кийинки парламентик шайлоо 2020-жылы өтөт. Биз ага даяр болушубуз керек. Ошондуктан коомдук талкууларды өткөрүп, мыйзамдарды карап жатабыз, – деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекованынсөзүнө караганда, долбоордо сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө коомчулуктан келип түшкөн сын-пикирлер эске алынды. Маселен, акыркы өткөн жергиликтүү шайлоодо талапкерлердин тандалышы боюнча арыздар көп болгон экен. Анын жыйынтыгында БШК мындай сунуш киргизүүдө:

– Өзгөчө жергиликтүү шайлоо учурунда талапкерлердин мурда соттолгону боюнча арыздар көп түштү. Бирок соттуулугу жоюлган талапкер мыйзам боюнча катыша берет. Нааразылык болбошу үчүн “оор кылмыш менен соттолгондор соттуулугу жоюлганына карабастан дагы он жылдай шайлоого катыша албайт” деген жобо киргизсек. Бул эл аралык практикада бар экен. Ушул сыяктуу өзгөртүүлөр бар.

“Президенттик шайлоо убагында талапкер катары азыркы системанын бир топ кемчиликтерин жон терим менен сездим” деген саясатчы Улукбек Кочкоровдобуш берүү учурундагы мыйзам бузуу үчүн эч ким жоопко тартылбаганына нааразы болду. Анын пикиринде, бийлик административдик ресурсту укук коргоо органдарын кошо колдонуп жаткандыктан башка талапкердин арызы каралбай калып жатат.

– Бүгүн кимдер жоопкерчилик алды? Бирөө камалдыбы? Же добуштарды жокко чыгарып эле койдукпу? Жогорку окуу жайларындагы админресурс коомчулукка белгилүү болгон, вице-премьер министрдин үгүттөп жатканы билинди. Сөгүш берип коюшту. Ошолордун тарткан жазасы кылмышына шайкеш келеби? Мамлекеттик машине иштеп эле атат.

Ошондой эле саясатчы Улукбек Кочкоров талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй жатканын кошумчалады.

Жыйында телеге чыгуу убактысын, дебаттардын форматын өзгөртүү жана үгүт мөөнөтүн жок дегенде үч айга узартуу боюнча сунуштар түштү. Жыйынга катышкан бир топ адамдардын пикиринде, азыркы системада жарандар талапкерди тандоодо толук маалымат ала албай жатат.

Коомдук талкууга катышкан Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча карама-каршы жоболор бар экенин белгилеп өтүштү. Маселен, административдик ресурсту колдонуу боюнча так, даана аныктама жок.

Кыскасы, шайлоо мыйзамын өзгөртүүдөгү долбоордун алгачкы коомдук талкуусунда сунуштар, сын-пикирлер ачык айтылды. Анткен менен парламент депутаты Максат Сабиров өзгөртүлгөн мыйзам кагаз жүзүндөгү калбашы үчүн механизмдерин так аныктап алыш керек деп эсептейт:

– Эгерде мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизсек – эң башында отурган президент, өкмөт башчы, депутаттар баш болуп үгүт жүргүзүп жатышпайбы, алардын жоопкерчилигин кандай кылабыз? Ушул жактарын ойлонолу. Жөн эле мыйзам жаза бергенде болбойт.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков шайлоо системасын өркүндөтүүнү сунуш кылып жаткан демилгечилерди сынга алды. Кадырбековдун пикиринде, жыйында кемчиликтерди жоюунун жолдору айтылган жок.

– Ушунчалык чогулуп, талкуулап жаткандан кийин БШК өзүнүн сунуштарын берген жок. Жөн эле талкуулап жатабыз.

“2018-2020-жылдарда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы” деп аталган долбоор боюнча коомдук талкуу эми аймактарда талкууланат. Андан соң сунуштар иштелип чыгып, жакынкы айларда парламентке жөнөтүлөт.

“Азаттыктын” материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_voting_law/29221979.html