Рус Кырг Eng

Шайлоо мыйзамдары Таласта талкууланды

Шайлоо мыйзамдары Таласта талкууланды

Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу долбоору жер-жерлерде талкууланып жатат.

“Кыргызстандагы 2018-2020-жылдардагы шайлоо жөнүндө мыйзамдын стратегиясын жакшыртуу” деп аталган бул мыйзам долбоору узап бараткан аптада Талас коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. Анда өткөн шайлоолордун сабактары айтылып, келерки шайлоо жараяндарында эске ала турган өксүктөргө басым жасалды.

Талас шаарында өткөн коомдук талкуу шайлоо процессиндеги кемчиликтер тууралуу сөз кылуу менен башталды. Алардын негизгиси катары «Жарандык платформа» коомдук фондунун эксперти Бакытбек Самаков жарандардын шайлоолорго жигердүү катышпай жаткандыгын айтты.

Маалыматка ылайык, Талас облусунда 2015-жылы парламенттик шайлоодо 122 983 шайлоочудан 79 366 жаран шайлоого катышса, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо добуш бергендердин саны 120 кишиге гана көп болгон. Шайлоо жана шайлоо процессиндеги мындан башка кемчиликтерге Бакытбек Самаков төмөнкүчө токтолду:

– Эки көйгөйлүү маселе бар: бул – добуш сатып алуу жана административдик ресурс. “Административдик ресурс болду” деп көпчүлүгүбүз айтабыз. Бирок мыйзамда административдик ресурс деп эмнени эсептей турганыбыз так көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле добуш сатып алуу боюнча – ооба, бизде, Кылмыш-жаза кодексинде жоопкерчилик көрсөтүлгөн. Бирок жоопкерчиликке тартуу механизмдери кыйынчылык жаратат. Сөзсүз арыздануучу болушу керек, күнөөлүү адам болушу керек, анан ошол иш сотто каралат. Азыр биз ушул жеке айыптоо тартибин өзгөртүп, “добушун саткан адам да административдик жоопкерчиликке тартылсын” деген сунуш киргизип жатабыз. Бирок эгер шайлоочу “добушумду сатып алайын деп жатат” деп арыз жазса, ал жоопкерчиликтен бошотулат.

Коомдук талкууда шайлоо учурундагы үгүт иштерин алып баруунун эрежелери мыйзамда так көрсөтүлбөгөнү айтылды. Мунун айынан өткөн шайлоодо талапкерлер бири бирин каралаган сыяктуу көрүнүштөр көп болгонун белгилеген эксперттер жагдайды жөнгө салыш үчүн мыйзам аркылуу талапкерди, саясий партияларды, кара пиар уюштурган маалымат каражаттарын да жоокерчиликке тартууну сунуш кылышты. Ошону менен катары үгүт иштерине корогон каражатка да чек коюу маселеси көтөрүлдү.

Мындан тышкары, талапкерлер менен саясий партиялардын шайлоо кампанияларынын мамлекеттик массалык маалымат каражаттарындагы эфир убактысын көбөйтүү зарыл экендигин “Жарандык платформа” коомдук фондунун эксперти Бакытбек Самаков мынтип түшүндүрдү:

– Ошол дебаттын негизинде эле шайлоочу аң-сезими менен талапкерди тандап алат. Азыркы мыйзам боюнча ага бир саат берилет. Эми ошол акысыз убакытты көбөйтүүнү сунуш кылып жатабыз. Жеке өзүнүн программасын айтканга эмес, анын максаты – бири-бири менен талкуу жүргүзсүн. Мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди талкуулашсын деп атабыз. Ошондо шайлоочулар талапкердин деңгээлин билип калат да.

Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо процессиндеги жогорудагыдай кемчиликтер болгонуна карабай, жетишкендиктер да бар экенин билдирди:

– Шайлоо реформасында биз жаңы технологияларды ар бир деңгээлдеги шайлоолорго киргиздик. Бардык процедуралар унификация болуп атат. Эң башкы жетишкендик – добуш берүүнүн жыйынтыктары так саналууда. Бул конституциялык принциптин ишке ашуусу. Ошондуктан добуш берүүнүн тактыгын жана шайлоого катышкандарды бурмалоого эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Бул эң негизги жетишкендиктер. Ушул жетишкендиктин негизинде чыныгы атаандаштыкка шарттар түзүлүп, бул болсо шайлоо системасын мындан ары жакшыртат. Эл ишенип, партия ишенип шайлоого катышат.

Ал эми шайлоолорго көз салып жүргөн жергиликтүү активист Анарбек Шукиев төрайымдын мындай пикирин кубаттаган жок.

– “Форма экинин” ойлонуп жасалышы – жарандардын кайсы жерде болсо да шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берүү. Бирок биздин саясатка кийлигишкен депутаттар болобу, президенттер болобу, аны өзүнүн кызыкчылыгына колдонуп кетишти да, адамдарды бир жерден башка жакка ташып барып, ошол жерден добуштарды санап алып. Ушул жагы туура эмес болуп атат.

“Шайлоо жөнүндө” мыйзамдын стратегиясын өркүндөтүү боюнча уюштурулган коомдук талкууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шайлоо өткөрүлө турган мезгилдин маанисине токтолушту. Бул боюнча өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Канымет Осмонбеков мындай деди:

– Шайлоону күн суукта кылбаш керек. Компьютер муздакта иштебей калат экен. Эл талаада иштеп, жумуш менен алек болуп атканда кылбаш керек. Жумуш убагында болуп калса, өзүнүн жеке жумушу зарылыраак болуп, шайлоого барбай калат. Жергиликтүү бийликке, бизге эле кыйын болот.

Айтылган бардык сунуштар эске алынаарын айткан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы шайлоого бир жыл калганга чейин мыйзамга өзгөртүү-толуктоолорду киргизбөөнү сунуш кылып жатышканын кошумчалады.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_talas_election_debates/29280367.html