Рус Кырг Eng

Кыргызстандагы Президенттик шайлоо алдында маалыматтык – билим берүү өнөктөштүгү старт алды

Кыргызстандагы Президенттик шайлоо алдында  маалыматтык – билим берүү өнөктөштүгү старт алды

Пресс-релиз 05.07.2017

Кыргызстандагы Президенттик шайлоо алдында  маалыматтык- билим берүү өнөктөштүгү старт алды.

«Аң-сезимиң менен танда! Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооптуусуң!» ушундай аталыш менен «Жарандык платформа» Коомдук фонду  маалыматтык- билим берүү өнөктүгүн ишке ашырды.

«Аң-сезимиң менен танда! Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооптуусуң!» өнөктүгү, өлкөнүн келечегине таасир берген добуш берүүдөгү жарандардын  аң-сезимдүү түрдө тандоосунун маанилүүлүгүнө багытталган!

Өнөктүк, ушул жылдын 15-октябрында өтүүчү өлкө Президентин шайлоо алдында өткөрүлөт.

Өнөктүктүн негизги максаты, калктын шайлоо процесси жана шайлоо мыйзамдарындагы жаңычылдыктар, ошону менен бирге добуш берүү жол-жобосу жана жарандардын негизги укуктары тууралуу билүү деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Бишкек жана Ош шаарларында эки маалыматтык-ресурстук борборлору иштеп жатышат(МРБ). Жарандар, адистерден кесипкөй консультацияларды,  шайлоо укугу жана шайлоо процессине байланыштуу баардык суроолор боюнча керектүү маалыматтарды ала алышат.

Маалымат өнөктүгүнүн алкагында, Кыргызстандын 7 областында бир катар маалыматтык-агартуучулук жана билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлөт. Жалпысынан, активдүү жарандар, саясий партиялар, ЖӨБ органдары жана биринчи жолу добуш берип жаткан жарандар үчүн шайлоо укугу боюнча 20 тренинг уюштурулат.

Мындан тышкары, өлкөнүн 20 шаарында добуш берүү жол-жобосунун негизги суроолоруна түшүндүрмө берүү жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча шайлоочулар менен маалымат жыйындары өткөрүлөт.

Өнөктүктүн алкагында, шайлоо процессинин эрежелерине байланыштуу инструкциялар жана көрсөтүлүүчү материалдар таркатылат. Материалдар, шайлоо учурунда жана шайлоо алдындагы укук бузуулар, мыйзамда белгиленген жоопкерчилик жана жарандарды шайлоочулардын тизмесинен тактоо боюнча маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле жарандардын добуш берүү жол-жобосу, добуш берүү кадамдары жана башка бир катар пайдалуу маалыматтар түшүнүктүү жана көрүнүктүү тилде баяндалган.

Ушул демилге  Щвейцария элчилигинин колдоосу астында, «2017-жылдагы Президенттик шайлоолорду өткөрүүгө мамлекетке өз-ара жардам көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Кененирээк маалыматты Сиз www.platforma.kg  сайтынан же +996 (312) 911 010 телефонуна чалуу аркылуу биле аласыз.

microsoft-word-vector Пресс-релиз