Рус Кырг Eng

БШКга президенттикке талапкер болууну каалаган дагы 3 адам кайрылды

БШКга президенттикке талапкер болууну каалаган дагы 3 адам кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган дагы 3 адамдан арыз түштү.

– Кечээ, 27-июнда БШКга «Коомдук анализ институту» коомдук бирикмесинин 42 жаштагы төрайымы Карасартова Рита Рахмановна кайрылган.
– Ата-мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Дегенбаев Бакыт Кудусович (1975-жылы туулган) дагы өзүн президенттикке талапкер катары көрсөтүү арызы менен кайрылды.
– Латвиянын «Маро» фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Султанидинов Сайнидин Султанидиновичтен (1955-жылы туулган) дагы арыз түштү.
27-июнга карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер болууну каалаган жалпы 6 жарандан арыз берилди.

БШКга 27-июнга чейин кайрылгандар:
– Назарбек Нышанов;
– Өмүрбек Текебаев;
– Арстанбек Абдылдаев.

Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо күнү 2017-жылдын 15-октябры деп белгиленген.

http://barakelde.turmush.kg/news:327041