КСДП фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициядан чыкканын расмий жарыялады
25.10.16

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы
парламенттик көпчүлүк коалициядан чыкканын фракциянын катчылыгы расмий жарыялады.
«Коалицияда карама-каршылыктар мурда эле башталган. Ал баарына белгилүү эле жана ал тууралуу көп сөздөр жүрүп келди.
Ошентсе да биз коалицияны сактап калууга бүт күчүбүздү үрөдүк.
Бирок мурдагы айрым өнөктөрүбүздүн
соңку иш-аракеттери КСДП фракциясы келишүү мүмкүн болбогон оор көйгөйлөрүн ачып көрсөттү», – деп айтылат билдирүүдө.
КСДП фракциясы депутаттарды жоопкер коалиция түзүүгө, өлкө алдында турган стратегиялык
милдеттерди ишке ашыруу боюнча жаратман иштерди улантууга чакырды.
Кыскача шилтеме: https://platforma.kg/ky/?p=4489