Рус Кырг Eng

Конституциялык палата Конституцияны өзгөртүүдө эреже бузуу тапкан жок

Конституциялык палата Конституцияны өзгөртүүдө эреже бузуу тапкан жок

Конституциялык палата өзгөртүү киргизилип жаткан КР Конституциясында эреже бузуулар жок экенин билдирди.

Чечим кечээ, 11-октябрда чыгарылды.
Палатадагы 11 судьянын ону аны колдоп, бирөө гана «өзгөчө пикирде» калганы кабарланды. Бирок ал ким жана кандай пикир экени маалымдалган жок.
Эске салсак, ушул жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңеш референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Документке 94 депутат «макул», 11 депутат «каршы» добушун берген.

Мыйзам долбоорун 90 эл өкүлү демилгелеген. Бийлик сунуштап жаткан Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөрү айтылууда. Азыр тийиштүү мыйзамдар талкууланып жатат.
Жарандык активисттер жана оппозициядагы саясатчылар Конституцияны өзгөртүү – бийликтин ыйгарым укуктарын бекемдерин белгилеп, ага каршы болуп жатышат.
http://www.turmush.kg/news:312670