Рус Кырг Eng

А.Баетов: ЖК чечимдерине Конституциялык палата баа берсин

А.Баетов: ЖК чечимдерине Конституциялык палата баа берсин

Референдум өткөрүү пикири элди экиге бөлдү. Баш мыйзамды эл каалагандай кылып өзгөртүү сөзсүз керек, бирок мамлекет адегенде баш-аягын жыйып, легитимдүү жолго түшүп алыш керек. Баш мыйзамдын жаңы долбоору шашпай жарандар менен макулдашылыш керек. Мындай оюн юрист Аяз Баетов билдирди.

Би-Би-Сиге аны менен маектешип, адегенде парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча Жогорку Кеңештин акыркы кадамдарды тууралуу пикирин сурады.

Аяз Баетов: Эмне туура эмес, эмне туура экени буга чейин айтылды. Керек болсо коом топторго ажырады. Азыр эми Конституциялык палата кабыл алынган мыйзам туура же туура эмес экенин айтыш керек. Бул орган жоопкерчиликтен качпай, жашынбай өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланып чечиш керек. “Реформа” партиясы баш болуп, башкалар менен Конституциялык палатага кайрылган.

Би-Би-Си: Бийликтин жана анын иш-аракетин колдогон депутаттардын айтымында, туруктуулукту орнотуп, мыйзам жолуна кайтуу үчүн Конституцияны ушундай өзгөртүүгө баруу керек болчу. Бул жүйөөлүү себеп деп ойлойсузбу?

Аяз Баетов: Аны билбейм. Алардын расмий аргументтери парламенттик шайлоону азыр өткөргөнгө шарт, каражат жоктугу болуп жатат. Президенттик шайлоодон кийин референдум өткөрөбүз деп жатышат. Анда парламенттик шайлоого референдумга кетчү акчаны колдонсо болмок.

Азыр коом бир нечеге бөлүнүп, бири туура, экинчиси туура эмес деп ажырымга туш болду. Ошондуктан мен дагы тиги кара, бул ак же бирөө жаман, экинчиси жакшы дегим келбейт. Биринчиден, референдум маселеси элди бөлөт. Конституциялык реформа керек же керек эмес, партиялык система же мажоритардык система үчүн дешет. Экинчиден, референдумду туура эмес убакытта өткөрсөк, аны юристтер кабыл албаса, эл аралык коомчулук кантип тааныйт? Айрым эл аралык уюмдар кабыл албай койсо, ачыгын айтыш керек, бюджеттин дефицити чоң болгондуктан жардам керек да, кантип сурайбыз? Ошондуктан азыр конституциялык реформа өткөргөнгө туура эмес учур деп ойлойм.

Би-Би-Си: Эмне үчүн бийлик айтып жаткандай, адегенде конституциялык реформаны өткөрүп алып, анан парламенттик шайлоо өткөргөнгө болбойт?

Аяз Баетов: Реформаны жасаш үчүн ЖК керек. Азыркы парламенттин мөөнөтү бүтүп калды. Референдум өткөрүү үчүн канчалаган каражат керек. БШК, жергиликтүү шайлоо комиссиялары иштеш керек. Референдум өткөрүү үчүн мамлекеттик система толук иштеш керек.

Конституция бир күндө же бир айда жазылбайт, аны коомдук келишим деп коёт. Аны жазууга коомдун бардык күчтөрү катышыш керек. Бир юрист бат-бат жазып коюшу мүмкүн, бирок ал элдик болобу?

Би-Би-Си: Конституциянын жаңы долбоорунун мазмуну азыр белгилүүбү?

Аяз Баетов: Ушул кызык, жалпыга маалымдоо каражаттарына долбоору даяр деп чыгып кетти. Юристтер аны ким жазды деп таң калып жатышат. Эгер даяр болсо, авторлору – юристтер мына биз жаздык муну коштук, муну алдык деп айтпайбы. Коомдун бардыгы ага макулдугун берип, баш ийиш керек. Бирөөлөр жаза коюп, алып киргенге ал жөнөкөй кагаз эмес. Ал мамлекеттин негизги мыйзамы.

Би-Би-Си: Референдумсуз, парламент аркылуу конституциялык реформаны жасоо тууралуу да сөздөр айтылып жатат, ЖКнын ушундай укуктары барбы?

Аяз Баетов: Конституциядагы кээ бир бөлүмдөр Жогорку Кеңеш аркылуу өзгөрүшү мүмкүн. Жогорку Кеңештин ага укугу бар. Бирок кайсы Жогорку Кеңеш, азыркыбы же кийинкиби деген суроо маанилүү. Ал эми парламентке шайлоо бир мандаттуу болобу деген өңдүү маселелер сөзсүз референдум аркылуу чечилиш керек.

Би-Би-Си: Конституциянын эки беренесинин иштешин токтоткон конституциялык мыйзамды кабыл алуунун укуктук жараяны тууралуу айтып бериңизчи.

Аяз Баетов: Айрымдар бул жөнөкөй эле конституциялык мыйзам деп жатат. Мен ага кошула албайм. Анткени бул де-факто Конституцияны өзгөрткөн мыйзам болуп жатпайбы. Ошондуктан муну Конституцияны өзгөртүү деп эле караш керек.

Мындай мыйзамдар үч окуудан өтүш керек, ар бир окуунун арасында эки ай болуш керек деп жазылып турат. Коомдун талкуусуна коюлуш керек. Жөнөкөй мыйзам деле кат менен кириш керек, коштоочу документтер деген болот. Негизделиш керек. Көп документ болушу зарыл, аны эл көрүш керек. Азыр алар бар же жок экенин биз билбейбиз.

Мен парламентаризм жакшы дегенди деле колдобойм. Ошол жакшы деп отуруп алып эле айтканга болбойт. Эл чечиш керек, Баш мыйзам кандай болуп өзгөртүлүп жатканы элге ачык көрсөтүлүш керек.

Би-Би-Си: Парламенттин мөөнөтү боюнча Баш мыйзамда эки берене бар экен. Биринчиси ЖК беш жылга шайланат десе, экинчиси жаңы парламент ант бергенге чейин эскисинин ыйгарым укуктары токтобой турганын белгилейт. Азыр эки жаат болуп бөлүнгөн саясий топтор эки түрдүү чечмелеп жатат. Сиз кандай чечмелейсиз?

Аяз Баетов: Мен эки тараптын ортосунда болмокмун. Жашоо Жогорку Кеңешке өз талаптарын коюп жатат. ЖК жок болуп калса да болбойт, анда Конституцияда жазылган институттар иштебей калат. Ушул зарылдыктан улам ЖК жаңысы келгенге чейин өз милдеттерин аткара бериш керек. Ошол эле учурда ЖКнын Конституцияны өзгөрткөнгө моралдык да, мыйзамдуу да укугу жок. Бул менин жеке позициям. Анктени булар жазган Конституция кийин талаштуу болуп калышы мүмкүн.

Би-Би-Си: Азыр Кыргызстан толук легитимдүү органдары жок, мыйзам талаасынан чыгып, карама-каршы абалда туруп калганы айтылып жатат. Ушул сыяктуу абалдан мыйзам жолуна түшүүнүн кандай тажрыйбаларын билесиз?

Аяз Баетов: Мындай окуя Украинада, Арменияда, бизде 2010-жылы деле болгон. Конституциялык палата айланып келип 2014-жылы төрт жыл мурдагы окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн берген. Кээде турмуш мыйзам чегинен чыгып кетет, бирок ага кайра эң туура жолдор менен кириш керек. Мисалы, шайлоону батыраак өткөрүш керек. Анткени ошол аркылуу легитимдүү институттар түзүлөт. Мындай шартта башка мамлекеттер да тезинен шайлоо өткөргөнгө аракет кылат. Легитимдүү органдар, мисалы, парламент түзүлгөндөн кийин шашпай Конституциялык реформаны жасасак болот.

https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-54659387?fbclid=IwAR312dQZ5csBP-tfcON5Rwzm070JjChNmSvGB4703lGt-lEv-GhL0GE8Hzg