Рус Кырг Eng

Рита Карасартова президенттикке талапкерлигин койду

Рита Карасартова президенттикке талапкерлигин койду

Бүгүн, 27-июнда укук коргоочу Рита Карасартова президенттик шайлоого катышуу максатында БШКга документтерин өткөрдү. Бул тууралуу “ВБ”га Карасартова билдирди.

“Шайлоого талапкер катары өзүмдү-өзүм көрсөттүм. Аз убакыттын ичинде Кыргызстанды өнүккөн, жетишкен мамлекетке айландыруу боюнча абдан чоң пландар бар. Ал үчүн күч, ишеним жана команда жетиштүү. Өз программаларыбызды мыйзам долбоорлору аркылуу ишке ашырабыз. Ал мыйзам долбоорлорун колдоо менен алтынчы чакырылыштын депутаттары тарыхта калат деп ишенем. Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айландыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ошон үчүн мен шайлоодо ат салышууну чечтим”, – деди Карасартова.

Эскерте кетсек, буга чейин шайлоого катышуу ниетинде БШКга Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Назарбек Нышанов жана Арстанбек Абдылдаев арыз берген. Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат

http://www.vb.kg/kabarordo/doc/275303_rita_karasartova_prezidenttikke_talapkerligin_koydy.html