Рус Кырг Eng

Бишкекте шайлоо мыйзамдары талкууланып жатат

Бишкекте шайлоо мыйзамдары талкууланып жатат

Бишкекте “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу болуп жатат. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова, жарандык активисттер жана саясатчылар катышууда.

Мыйзамды президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазган. Анын автору катары президент көрсөтүлгөн. Документ 22-июнда парламенттин кароосуна келген.

Ага ылайык, 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча, калган 55 депутатты партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык шайлоо каралган. Пропорционалдык тутум менен шайланчу 55 депутат саясий партиянын съездинде бекитилген тизмедеги талапкерлердин ичинен тандалат.

“Биз демократияга басым жасаган өлкө катары 2010-жылы жана ага чейин да партияларга бекемделип саясий институт катары парламентте элдин кызыкчылыгын коргоого толук мүмкүнчүлүк бердик. Тилекке каршы партиялардын өсүшүн көргөн жокпуз. Тескерисинче партиянын ичиндеги коррупция күчөдү. Бул коомчулук тарабынан тынчсызданууну жаратты. Эгерде биз көз карандысыз талапкерлерге мүмкүнчүлүк бербей депутаттыкка талапкер жылдыруу мүмкүнчүлүгүн партияларга гана берип койсок коомчулуктагы талапты эске албаган болобуз”, – деди Нуржан Шайлдабекова.

Сунушталып жаткан шайлоо мыйзамында 35 депутат тандала турган бир мандаттуу округдардын ар биринде 85 миңден 115 миңге чейин шайлоочу болору айтылып жатат. Мындай система менен шайланган депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Ал эми партияларга 3% босого чек каралган. Аялдар үчүн 30% квота бар. 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар жаран Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Мурдагы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 120 депутаттан куралып келген. Алар партиялык тизме аркылуу шайланган.

https://www.azattyk.org/a/31353941.html