Рус Кырг Eng

Шайлоо мыйзамы: талапкерлерден мүлкү тууралуу маалымат алуу сунушу берилди

Шайлоо мыйзамы: талапкерлерден мүлкү тууралуу маалымат алуу сунушу берилди

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорунда депутаттыкка талапкерлерлигин койгондорго жаңы талаптар киргизилди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 13-июлда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин жыйынында айтты.

“Ар бир талапкер БШКга өзүнүн жана жакын туугандарынын киреше-чыгашасы, финансылык же мүлк милдеттери жөнүндө маалымат берет. Талапкер мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болсо өткөн жылы берген декларациясынын көчүрмөсүн берет”, – деди Шайлдабекова.

Тармактык комитет шайлоо мыйзамдарын талкуулап жатат. Документти президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазган. Анын автору катары президент көрсөтүлгөн.

Бул мыйзам долбоорунда жалпы 90 депутаттын 35и бир мандаттуу округдардан, 55и партиялык тизме менен пропорционалдык система менен шайланат.

Мажоритардык система – өз алдынча шайланып келе турган 35 депутаттын округунда 100 миңден шайлоочу болот. Шайлоо күрөөсү – 100 миң сом. Мындай система менен келген депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулса, жаңы шайлоо өтөт.

Партиялык система – саясий партия шайлоочулардын 3% босого чегинен өтүшү керек. Аялдардын квотасы – 30%, шайлоо күрөөсү – 1 миллион сом. 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар жаран Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Мурдагы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 120 депутаттан куралып келген. Алар партиялык тизме аркылуу шайланган.

https://www.azattyk.org/a/31355683.html