Рус Кырг Eng

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түшкөн
2021-жылдын 11-июль күнү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жана коопсуздукту бузган фактыларга жол берилген жок.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түшүп, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык ички иштер органдарынын маалыматтардын электрондук журналдарына катталган. Анын ичинен 38 наменклатуралык ишке чыгышталып, 16 маалымат каралып жатса, 2 маалымат бириктирилип, 6 маалымат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси (Добуштарды сатып алуу) боюнча 3 факты, Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча 2 факты катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 37 маалымат катталып, курамында мыйзам бузуу аныкталбагандыктан 23 факты наменклатуралык ишке чыгышталып, 10 маалымат каралып жатса, 1 маалымат бириктирилди. Учурда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси (Добуштарды сатып алуу) боюнча 3 факты катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Ош шаары боюнча 12 маалымат катталса, анын ичнен 6 маалымат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлүп, 6 маалымат каралууда.
Токмок шаары боюнча маалыматтардын электрондук журналына 18 маалымат катталып, анын ичинен 15 номенклатуралык ишке чыгышталган, бирөөсү бириктирилген. 2 факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча 2 факты катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы