Рус Кырг Eng

Адвокат Орозакунова: Добуштар сатылганы үчүн БШК айыптуу эмес

Адвокат Орозакунова: Добуштар сатылганы үчүн БШК айыптуу эмес

4-октябрдагы шайлоого байланыштуу Жазык кодексинин «Шалаакылык» беренеси боюнча козголгон ишти аягына чыгарып, андайга кайсы органдар жол бергенин так аныктоо зарыл. Мындай пикирин бүгүн, 26-октябрда Бишкекте өткөн брифингде юрист Айжан Орозакунова билдирди.

Орозакунова азыркы тапта тергөө иштери Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) карата гана жүрүп жатканын туура эмес деп эсептейт. Ал шайлоо өнөктүгүнө катышкан башка да тараптардын жоопкерчилигин кароо зарыл экенин белгиледи:

«Териштирүү добуш сатып алуу болгону, административдик ресурс колдонулганы үчүн жүрүп жатканы жазылыптыр. Добуштарды ким сатып алды эле? Шайлоо күнү маалыматтардан айрым саясий партиялардын аты аталып жатканын көрдүк. Боршайком добуш сатып ала алат беле? БШКнын кайсы бир мүчөсү добуш сатып алганын бирөө айтып чыгып, арыздандыбы?»

Башкы прокуратура Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктү реестрине Жазык кодексинин «Шалаакылык» деген 331-беренесинин негизинде материалдарды 8-октябрда каттап, сотко чейинки териштирүү жүргүзүүнү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.

Бул тууралуу 24-октябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, парламенттик шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө көптөгөн мыйзам бузуу фактылары катталып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 22-октябрдагы чечими менен БШКнын бардык тийиштүү документтерин алып коюуга уруксат берилген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Ошол түнкү башаламандык бийликтин алмашуусуна алып келген.

9-октябрда БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кийин кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Буга чейин бир катар жарандык уюмдар да билдирүү таратып, шайлоо ыплас өткөнү үчүн Боршайкомду айыптоо негизсиз экенин белгилешкен. Алар Боршайкомдун жетекчиси Нуржан Шайлдабекова мындай кооптуу көрүнүштөр тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын, ИИМге кайрылганын, бирок Башкы прокуратура да, ИИМ да тийиштүү чара көрбөй койгонун айтышкан.

22-октябрда премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров президентти жана парламентти шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Бишкектин Административдик соту БШКнын кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон. БШК соттун бул чечимине каршы даттанганы жатат.

https://www.azattyk.org/a/30912895.html