Рус Кырг Eng

Юристтер тобу: Бийликти мыйзамдаштырыш үчүн биринчи кезекте шайлоо өткөрүш керек

Юристтер тобу: Бийликти мыйзамдаштырыш үчүн биринчи кезекте шайлоо өткөрүш керек

Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн саясий кырдаал өлкө алдында укуктук бир топ кооптуу жагдайларды жаратууда. Бул тууралуу 26-октябрда Бишкекте өткөн брифингде өзүлөрүн «Көз каранды эмес юристтер бирикмеси» деп тааныштырган жаш юристтер тобу билдиришти.

Топтун курамына «Адилет» укуктук клиникасынан Искендер Какеев, «Прецедент» коомдук бирикмесинен Бекболот Касаболотов, конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева, юрист жана адвокат Айжан Орозакунова, көз каранды эмес юрист Таттыбүбү Эргешбаева кирди.

Алар «Кыргызстанда жарыяланып калган шайлоону токтотсо болобу?» деген темада өлкөдөгү соңку окуялар боюнча юридикалык талдоо жүргүзүп, пикирлерин айтышты.

Жаш юристтер бийлик алмашуудан кийин жаңы бийлик бутактарын мыйзамдаштырыш үчүн шайлоо өткөрүш керек экенин белгилешти. Борбордук шайлоо комиссиясына (Боршайком) басым жасалып жатканын айтышты.

Юрист Эргешбаева шайлоодон кийинки бийлик алмашууну эл аралык коомчулук мыйзамдуу деп тааный элек экенин эске салды. Ал бюджеттеги оор абалды жана коронавирус пандемиясын эске алганда алардын каржылык жардамы маанилүү экенин белгилеп, өлкө алдында бир катар коркунучтар турганын айтты:

«Бийлик эл менен сүйлөшпөй, чечимдерди өзүлөрү иш бөлмөлөрүндө кабыл алып жатышат. Бул – демократиялык принциптерге дал келбеген абал. Эң негизгиси – азыр эл үчүн ачык диалог керек. Кабыл алынып жаткан чечимдерге далилдер керек».

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, нааразылык акцияларынан кийин, 9-октябрда Боршайком анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Шайлоо ыплас өткөнүн билдирип чыккандардын митинги башаламандыкка айланып, 6-октябрда өлкөдө бийлик алмашкан.

БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун бул чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон. БШКга каршы сотко «Актив» партиясы жана «Адам укуктары жана демократия үчүн коалициясы» кайрылган.

22-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президентти жана парламентти шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

https://www.azattyk.org/a/30912693.html