Рус Кырг Eng

Шайлоо: жаңы мыйзам, эски система

Шайлоо: жаңы мыйзам, эски система

“Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору 22-июнда парламенттин кароосуна келип түштү. Документти президенттин 23-марттагы буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазып чыгып, автору катары президент көрсөтүлгөн.

Эксперттик-жумушчу топтун курамына президенттик аппараттын кызматкерлери, тиешелүү министрликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эксперттер кирип, жетекчиси болуп Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова иштеген.

Анын мүчөлөрү мамлекет башчыга пропорционалдык-преференциалдык система жана аралаш шайлоо системасы боюнча эки долбоор сунушталганын айтып жатат. Садыр Жапаров экинчи вариантка токтолгон.

Жумушчу-эксперттик топтун мүчөсү, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мындай деди:

“Жумушчу топто түрдүү варианттар сунушталды. Дүйнөдөгү шайлоо системасынын бардыгы каралып чыкты. Биздин менталитетти, буга чейинки басып өткөн жолубузду эске алып, акыры аралаш системага токтолдук. Эми ушуну менен баары бүттү деген туура эмес. Жогорку Кеңеште талкуудан өтүшү керек. Депутаттар кемчиликтерин, эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен чечим кабыл алат деген үмүт бар”.

Жогорку Кеңешке келип түшкөн мыйзам долбооруна ылайык, 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча, калган 55 депутатты партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык шайлоо каралган.

Пропорционалдык тутум менен шайланчу 55 депутат саясий партиянын съездинде бекитилген тизмедеги талапкерлердин ичинен тандалат. Бир сөз менен айтканда, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо колдонулган система күчүндө калды.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев кесиптештери Алтынбек СулаймановЖанарбек Акаев менен преференциалдык шайлоо системасын жактап келет. Алардын мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өткөн.

Буга чейин Алтынбек Сулайманов 30-мартта “Азаттыктын” талкуусунда президент Садыр Жапаров менен преференциалдык шайлоо системасы тууралуу сүйлөшкөнүн, президент каршы болбогонун айткан. Бирок депутаттар тобунун сунушу мыйзам долбооруна камтылган жок.

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев президенттин партияга, анын ичинен талапкерге добуш берүүнү эмнеге тандабай койгонуна таң калып жатат.

“Жумушчу-эксперттик топтун курамын президенттин аппараты тандады. Алар кандай критерий менен тандаганын билбейм, бирок өзүлөрүн уга тургандарды алса керек. Жумушчу топ түзүлүп жатканын кеч угуп калдык. Болбосо курамына кошулганга аракет кылат элем. Буга чейинки ар бир бийлик партиялардын тизмесин көзөмөлдөп келген. Президенттер өзүнө жакпагандарды алып салган учурлар болгон да. Биз сунуштаган шайлоо системасы менен бийлик каалабаган адам Жогорку Кеңешке келип алышы мүмкүн. Анткени тизмеде 120-орунду ээлеп, бирок шайлоонун жыйынтыгы менен биринчиге чыгып кетсе болот”.

Нурбаев президент автору катары эсептелип жаткан бул мыйзам долбооруна “Шайлоого катышкан партия 55 мандаттын 50% гана ала алат” деген норма кирбей калганын, буга чейинкидей бийликтин партиясы монополия болуп калуу тобокелдиги бар экенин кошумчалады.

Ал эми 35 депутат тандала турган бир мандаттуу округдардын ар биринде 85 миңден 115 миңге чейин шайлоочу болору айтылып жатат. Мындай система менен шайланган депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариев документтеги кээ бир жагдайларды түшүнбөй жатканын билдирди.

“Кагаз бардык нерсени көтөрө берет. Биз практикалык жагдайда колдонууну эске албай жатабыз. Мисалы 35 депутат мажоритардык, 55и партиялык тизме менен шайланарын кандай негизде тандап алдык? Муну эч ким негиздебей жатат. Болжол менен 100 миң шайлоочуга бир мандат туура келет деп жатышат. Бул эмнеге алып келет? Бул ыкма райондорду бөлүп, ушунун арты менен чыр чыгат. Мыйзам долбоорундагы логика боюнча, бир мандатты 100 миң шайлоочуга байлап атабыз. Мандат деген шайлоочулар менен иштешпейт. Ал жалпы Кыргызстанга мыйзам жазыш керек да”.

2007-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу партиялык система менен шайлоо өткөн. 2010-2015-жылдардагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык өткөн. Адистер жарандар тандоо укугунан ажыраганын, депутат боло турган адамды шайлоочулар эмес, партиянын жетекчилери чечип калганын айтып келишкен. Ушул система менен өткөн 2020-жылдагы парламенттик шайлоо бийликтин алмашуусуна себеп болду.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу менен Жогорку Кеңеш эки жолу, 1995-2005-жылдары тандалып келген. Саясат талдоочу Айбек Теңизбаев мажоритардык тутум боюнча өтө турган шайлоо жаштардын жолун бууйт деген ойдо.

“Кыргызстан мажоритардык системаны баштан өткөргөн. Ошол учурда кандай болгонун бардыгыбыз билебиз. Эми андан бери көп нерсе өзгөргөн жок. Ар бир региондо өзүнүн бай адамы, же кландын өкүлү болот. Ошолор акчанын, таасирдин күчү менен регионалдык негизде шайланып келе берет. Мындан тышкары бир мандаттуу округдан жаштардын шайланып келиши мүмкүн эмес. Анткени жаштардын кайсыл бир аймакта анчалык таасири, мүмкүнчүлүгү жок. Шайланып келсе дагы кайсыл бир байдын баласы же кландын жакыны келет”.

Шайлоонун жол-жобосун аныктаган документ даяр болгону менен анын мөөнөтү белгисиз болуп турат. Андан кийин президент шайлоону дайындайт. Азыркы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун мөөнөтү үч ай мурун белгилүү болушу шарт. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колдоосу менен үч окуудан өтүшү керек. Буга үч айга жакын убакыт кетери айтылып жатат. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, парламент 30-июндан кийин каникулга кетет.

“Жогорку Кеңештин регламенти” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш июль айында шайлоочулар менен жолугууга кетет. Бирок кезексиз сессияны чакырып, азыркы маанилүү мыйзамдарды караганга мүмкүнчүлүк бар”, – деди Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева.

Кыргызстанда парламент депутаттары беш жылга шайланат. Азыркы 6-чакырылыштагы депутаттардын мөөнөтү 2020-жылдын соңунда аяктаган. Бирок бийлик алмашып, коомдук-саясий жагдай өзгөргөндөн улам ишин улантууда.

https://www.azattyk.org/a/shayloo-zhangy-myyzam-eski-sistema/31324305.html