Рус Кырг Eng

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды

Бүгүн, 8-августта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтүп, анда жалгыз талапкер Азиз Суракматовго шаардык кеңештин 43 депутаты добуш берди. Муну менен Азиз Суракматов жетиштүү добуш алып, Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.

Добуш берүү мыйзамга ылайык жашыруун түрдө өткөрүлүп, саат 10:48де добуш берүү аягына чыкты. Жыйынтыгында А.Суракматовду Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын ичинен 43 эл өкүлү колдогон.

А.Суракматовдун талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн болчу. Ага КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары кирет.

«Республика — Ата Журт» оппозициялык фракциясы жана премьер-министр дагы талапкер сунуштоо укугуна ээ болчу, бирок алар мындай укукту пайдаланышкан жок.

http://www.turmush.kg/news:350203