Рус Кырг Eng

Жээнбековдун жеңишин БШКнын бардык мүчөлөрү тааныган жок

Жээнбековдун жеңишин БШКнын бардык мүчөлөрү тааныган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгарды. Президенттик шайлоодо шайлоого катышкан жарандардын 54,22 пайыз добушун алган талапкер Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп табылды.

Шайлоонун жыйынтыгынын акыркы протоколуна БШКнын 12 мүчөсүнүн 10у кол койду. БШК мүчөсү Елена Жылкычиева жыйынга катышпаса, Гульнара Журабаева кол коюдан баш тартып жыйынга катышкан жок. Ал эми Атыр Абдрахматова 4 барактан турган өзгөчө пикирин окуп кол койду.