Рус Кырг Eng

«Жарандык платформа» коомдук  фонду 2017 жылы болуп өткөн президенттик шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүздү

Көз карандысыз байкоо 15 узак мөөнөттөгү жана 500 кыска мөөнөттөгү байкоочулар тарабынан өлкөбүздүн 12 шаарында жүргүзүлдү:Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол, Токмок, Кара-Балта, Кара-Суу, Кызыл-Кыя жана Өзгөн.

Үстүбүздөгү  жылдын 15 октябрында шайлоо участкаларынын жабылыш убактысы келгенде , «Жарандык платформа» коомдук фондунун көз карандысыз байкоочулары тарабынан шайлоо процессинде, шайлоо процессине таасир берген  120 укук бузуу фактысы  катталган.

«Жарандык платформа» коомдук фондунун байкоочулары байкоо жүргүзгөн шаарлардын ичинен эң көп укук бузуулар катталган шаарлардын катарына Бишкек, Жалал-Абад, Талас, Ош, Токмок жана Кара-Суу шаарлары кирген. Бул шаарларда болгон укук бузуу фактылары шайлоо участкаларынын көптүгү жана калктын жыш жайгашкандыгы менен байланыштуу болду деп ойлойбуз.

Шайлоо күнү  байкоочулар тарабынан эң көп кездешүүчү  укук бузуунун 3 түрү  кездешкен:шайлоо тартибинин бузулуусу, санариптик  техникалык жабдуулардын бузулуусу жана шайлоочулардын тизмеге катталуусу менен байланыштуу көйгөлөр болду.

Тилеке каршы, добуш берүү  процессинде  укук бузуулардын арасынан административдик ресурстарды колдонуу шайлоо процессинде эң олуттуу көйгөй болду.Ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары катталган.

Шайлоочулардын добуш берүү жашыруундугун  бузуу  УШКнын мүчөлөрү  тарабынан, АЭУнун жанында туруп  шайлоо бюллетендеринин үкөккө  салуу процессин көзөмөлдөө  жолу менен  дагы болгон. Кээ бир шайлоо участкаларында чүчүкулак өткөрүлгөн эмес.

Шайлоо күнү  Бишкек жана Ош шаарларында  Жарандык платформа коомдук фондунун эки маалымат-ресурстук борбору иштеп жатты. МРБ үстүбүздөгү  жылдын июль айында «Ойлонуп танда!Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооп бересин!» аттуу маалыматтык кампаниянын алкагында ачылган. Кампания Президенттик шайлоодо туура тандоо жана туура тандоонун маанилүүлүгүн жарандарга жеткирүү  жана таза шайлоо өткөрүүгө  көмөк көрсөтүүгө  багытталган.

МРБда жарандар  шайлоо укуктары, шайлоо процесси жана жарандардын шайлоочулардын тизмесине катталуусу боюнча  адистерден профессионалдык кеңеш жана зарыл болгон маалыматтарды  алышты. Аналитикалык жана укуктук  колдоону атайын даярдалган «Жарандык платформа» коомдук фондунун эксперттер тобу  коштоду.

«Жарандык платформа» коомдук фонду ОБСЕнин Бишкектеги программалык  кеңсесинде  «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын жакшыртууда көмөк көрсөтүү» проектисинин алкагыда Кыргызстандын жарандарынын арасында  шайлоодон кийинки телефондук сурамжылоо өткөрдү .

Сурамжылоонун максаты- шайлоочулардын Президенттик  шайлоого карата ишенимдүүлүгүнүн дэңгээлине баа берүү жана добуш сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу жана башка укук бузуулар тууралуу маалыматтарды чогултуу болду.

Изилдөөнүн алкагында капысынан тандап алуу жолу менен 1000ге жакын жаран сурамжылоого катышты. Изилдөөнү  жүргүзүү  үчүн «Жарандык платформа» коомдук фонду 5 операторду атайын окутуудан өткөрдү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы ноябрь айынын аягында «Жарандык платформа» коомдук фондунун расмий сайтында жарыяланат (www.platforma.kg).

Изилдөөнүн жыйынтыгы президенттик шайлоонун канчалык дэңгээлде шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык  мыйзамына жана эл аралык стандарттарга  ылайык таза өткөнүн, катталган укук бузуулар системалык же бир жолку болгонун жана шайлоо процедуралары менен шайлоонун жыйынтыгы жарандардын купклуна канчалык дэңгээлде  толгондугун көрсөтөт.

Эскерте кетчү нерсе,жетинчи президентти шайлоо, үстүбүздөгү  жылдын 15 октябрында болуп өткөн. Президеттике өз талапкерлигин 11 адам койгон. 30 октябрь күнү  Кыргыз Республикасынын БШКсы расмий түрдө  шайлоонун жыйынтыгын жарыялаган. Шайлоонун жыйынтыгы АЭУнын жана добуштарды кол менен саноонун негизинде чыгарылган. Эн көп добуш алган талапкер, СДПК партиясынан чыккан Сооронбай Жээнбеков болду-54,22 пайыз, экинчи орунда 33,49 пайыз менен парламенттин депутаты Өмүрбек Бабанов  болду.