Рус Кырг Eng

Араванда айыл өкмөтүнүн башчысы элди Жээнбековго үгүттөдү

Араванда айыл өкмөтүнүн башчысы элди Жээнбековго үгүттөдү

БШКнын Ош аймактык координатору Расулбек Кадыров Араван районуна караштуу Юсупов айыл өкмөт башчысы Шукурулло Файзуллаевге эскертүү берилет деп “Азаттыкка” билдирди. Шукурулло Файзуллаев 12-сентябрда айыл өкмөттүн жыйындар залында жергиликтүү тургундардын катышуусунда жыйын өтүп, анда талапкер Сооронбай Жээнбековду шайлоого үгүттөгөн:

– Ал киши динчил үй-бүлөдөн, жубайы, бала-чакасы менен ажыга барган. Бир тууган агасы араб мамлекеттеринде элчи болгон, Оштун мэри болгон. Каабага сегиз жолу кирген экен. Бир тууган иниси Асылбек Шарипович спикер болуп турганда сегиз депутаттары ибадат кылганы алып барганда ошол жактын падышасы Каабаны ачып берген. Ал деле каабага кирген. Ушундай намаз окуган киши туруп, башкасын колдосок кыянатчылыкка барабар болот.

Жыйынга катышкан жүзгө жакын жергиликтүү тургун элди Жээнбековго добуш берүүгө чакырууга убада беришти.

Чогулуш бүткөндөн кийин Файзуллаев “Азаттыкка” комментарий берип, жагдайды “улут аралык ынтымак боюнча жыйыныбыз шайлоого бурулуп кетти” деп түшүндүрдү.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул окуя боюнча арыз же даттануу келип түшпөгөнүн, эгер мыйзам бузуу болсо чара көрүлөрүн айтууда.

Ал эми “Жарандык позиция” уюмунун Оштогу өкүлү Элвира Икрамова айыл өкмөттүн аракетин шайлоо эрежесин одоно бузуу деп баалады.

https://www.azattyk.org/a/28733116.html