Рус Кырг Eng

Көз карандысыз байкоочулар шайлоо алдындагы мезгилге диний уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусун жана административдик ресурстардын колдонулушун кескин түрдө сындашат

Көз карандысыз байкоочулар шайлоо алдындагы мезгилге диний уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусун  жана административдик ресурстардын колдонулушун кескин түрдө сындашат

Көз карандысыз байкоочулар шайлоо алдындагы мезгилге диний уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусун  жана административдик ресурстардын колдонулушун кескин түрдө сындашат. «Жарандык платформа» Коомдук фонду Баткен областынын активинин алдында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берүү чакырыгы менен чыккан  вице-премьер Дуйшенбек Зилалиевди кескин түрдө сындайт.

Биз эң эле кооптуу симптом деп, бул коомчулукта шайлоолордун тазалыгына жана айкындуулугуна ишеничсиздиктин өсүп бараткандыгын эсептейбиз. Административдик ресурсту колдонуунун бир эле кадамы  – шайлоо процессин кайра түзүүгө күч жумшоо жолунда эки кадам артка кеткендикти билдирет, 2011-жылы өлкөбүз негизги максаты катары  таза жана демократиялуу шайлоолор аркылуу саясатты тазалоону жар салган.       Атка минерлердин чакырык мүнөзүндөгү иш-аракеттери, кээ бир учурларда, кол астында иштеген адамдарды белгилүү бир талапкерди колдоого түздөн-түз мажбурлоосу, мамлекеттик машинанын толугу менен бир гана талапкердин кызыкчылыктары  үчүн иштеп жатат деген ойго кептелтет. Мына ошондуктан, көбүнесе мындай иш-аракеттер ошол талапкердин өзүнө каршы болуп калат.

Азыркы күндө көптөгөн шайлоо участкаларында  шайлоочулар тарабынан форма №2 арызын толтуруу процесси башталды, бул шайлоочуга башка шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүндүк берет.  №2 форманы толтуруп жаткандардын көпчүлүгү (көбүнчө толтуруучулардын өзүнөн) мамлекеттик кызматчылар, бюджетчилер же студенттер экендиги тууралуу маалыматтар бизге чейин жетип олтурат, алар муну өздөрүнүн жетекчилигинин же ЖОЖнын жетекчилигинин түздөн-түз көрсөтмөсү боюнча жасап жатышат.    Мында, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн да  ушул форманы толтуруу үчүн алып келүүгө мажбурлашат.

С.Жээнбековдун үгүт өнөктүгүндө диний ишмерлерлин катышуусу  кыжырды келтирчү картина болду. Бул, КР мамлекеттик саясатынын Концепциясында, диний чөйрөдө тикелей белгиленгендей, мамлекеттин светтик моделине ылайык, диний уюмдар жана дин кызматчылары саясий ишмердүүлүккө катыша алышпастыгына карабастан болуп жатат.

Биз БШКна жана Башкы прокуратурага КР Президентин шайлоо КМнын беренелеринин ачык эле бузулуп жатат деп таанылышы жана ушул фактыларга карата мыйзамдуу чараларды көрүү  үчүн кайрылабыз. Биз КР ЖК депутаттарын түздөн-түз мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен алектенүүгө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, жана КР Президенттигине талапкерлерди, ошондой эле  С.Жээнбековго жана О. Бабановго колдоо көрсөтүүдөгү үгүт иштеринде мамлекеттик ресурстарды колдонбоого чакырабыз.

Биз, КР Президенттигине талапкерлерди (өзгөчө С. Жээнбековду жана О. Бабановду) сиздер менен болгон жолугушууларга мамлекеттик кызматчыларды, бюджетчилерди ошону менен бирге студенттерди  мажбурлап чогулуштарга чакырууну токтотууга чакырабыз. Шайлоочуларды бир участкадан башка участкага которуу аркылуу алардын үстүнөн манипуляциялоону токтотуңуздар, кимге добуш бергендигин билип алабыз деп коркутпаңыздар, ошону менен бирге алардан паспортторунун көчүрмөлөрүн талап кылбаңыздар.

Элдин колдоосуна арзуу үчүн Сизге өз өнөктүгүңүздү мыйзам чегинде, акыйкатуу жолдор менен жүргүзүү зарыл, мына ошондо Сиздин Президент болуп тандалуу мүмкүндүгүңүздөн кийин, биздин элибиздин  көзүнө тик кароого мүмкүн болот!

                                                                                                                                                                                                                                                                                  «Жарандык платформа» КФ

pdfзаявление на кырг 220917