Рус Кырг Eng

Парламенттин депутаты И.Кадыркулов мандатын тапшырды

Парламенттин депутаты И.Кадыркулов мандатын тапшырды

Парламенттин депутаты И.Кадыркулов мандатын тапшырды

Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болуп келген Искендер Кадыркулов мандатын тапшырды. Бул тууралуу АКИпресске бүгүн, 3-февралда фракциянын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Эл өкүлү «Түндүк электр» ААКтын башкы директору болуп дайындала турганы маалым болду. Ал депутат болуп шайланганга чейин аталган компанияда эмгектенген.

http://www.turmush.kg/news:319369