Рус Кырг Eng

Президент А.Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарына тарап кетүүнү сунуштады

Президент А.Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарына тарап кетүүнү сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарына тарап кетүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлык тапшыруу иш-чарасында билдирди.

Анын айтымында, депутат Бакыт Төрөбаев өзүнүн кесиптештерине парламентти таркатуу сунушу менен кайрылган.
«Мен билем, ал өзүнүн мародер агасын колдоп айтып жатат. Бирок, анын бул сунушун колдойм. Мен депутаттарга кайрылгым келет, карга карганын көзүн чукубайт. Эгерде тынчый албасаңар, балким Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги менен тарап кетесиңер», – деди ал.

Президент депутаттарды кандай учур болбосун мыйзамды сыйлоого, өлкөнүн келечегин ойлоого жана элдин пайдасына иштөөгө чакырды.
«Кудайдан корккула! Эгерде силерге тынчтык кереги жок болсо, элге керек», – деди А.Атамбаев.

http://www.turmush.kg/news:320970