Рус Кырг Eng

Шайлоочуларды сатып алууга каршы туруу боюнча студенттер үчүн тренинг

Шайлоочуларды сатып алууга каршы туруу боюнча студенттер үчүн тренинг

19-ноябрда болуп өттү. Тренингдин максаты– студенттердин көңүлүн шайлоочуларды сатып алуу проблемасына буруу, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жагында шайлоо процессиндеги жаңычылдыктар менен студенттердин маалымдарлык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Тренингдин спикери катары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гүлнар Джурабаева  жана шайлоо  боюнча эксперт Бакты Качикеева чыгып сүйлөдү.