Рус Кырг Eng

Саясий партиялардын талапкерлери шайлоочуларды сатып алуу көйгөйүн талкуулашты

Саясий партиялардын талапкерлери шайлоочуларды сатып алуу көйгөйүн талкуулашты
Бишкекте 23- ноябрда саясий партиялардан жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катышуусу менен тренинг болуп өттү. Иш-чара БШК менен бирдикте “Жарандык платформа” КФ тарабынан уюштурулган. Тренингге 15 саясий партия катышты. Анын ичинде: «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Актив», « Кыргызстандын коммунисттер партиясы», «Улуу Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», « Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясы», «Аалам», «Таза Кыргызстан» ж.б.