Рус Кырг Eng

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеӊеште «КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеӊеште «КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

КР мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбооруна 84 депутат демилгечи болгон.

Демилгечилердин маалыматына караганда, 2010-жылдын 27-июнундагы бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынган КР Конституциясы чыныгы парламентаризмге жол ачты жана бийлик менен элдин ажырымын жойду. Ошол эле учурда, анын айрым жоболору коомдо талаш туудурууда. Аны Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз жөнгө салуу мүмкүн эмес.
Мындай көйгөйлөрдүн чечилбей жатышы адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда, өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда кыйла тоскоолдук жаратууда. Акыркы 6 жылда дүйнөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болгонун, мындай жаңы чакырыктар жана коркунучтар көп өлкөлөрдө конституциялык мыйзамдар талаш-тартыштарды жаратты.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр төмөнкүлөргө багытталган:

– Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жана эгемендигин чыңдоого;
– парламентаризмди чыңдоого, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү принциптерин тактоого;
– сот реформасы жана укук коргоо органдарын реформалоо үчүн конституциялык негизди өркүндөтүүгө.
Мыйзам долбоорунда референдумду өткөрүү датасын 2016-жылдын 11-декабрына белгилөө сунушталган.
Эске салсак, ушул жылдын 11-октябрында Жогорку соттун Конституциялык палатасы мыйзам долбоору боюнча оӊ корутунду чыгарган.
Корутундуга ылайык, мыйзам долбоору демократиялуу укуктук мамлекеттин ынанымдарына каршы келбейт.

http://www.turmush.kg/news:313099