Рус Кырг Eng

Конституциянын түп нускасы канцелярия архивинде да, Юстиция министрлигинде да жок,- президенттин ЖКдагы өкүлү

Конституциянын түп нускасы канцелярия архивинде да, Юстиция министрлигинде да жок,- президенттин ЖКдагы өкүлү

Конституциянын түп нускасы биздин канцеляриянын архивинде да, Юстиция министрлигинде да жок, деди бүгүн, 19-октябрда парламенттин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев.

«Биз өзүбүздүн канцеляриянын архивинен карадык, чынында түп нусканы тапкан жокпуз. Анда Юстиция министрлигинин архивинде деп болжолдогонбуз, бирок алар да түп нуска жок экенин айтышууда. Түп нуска бизде жок болсо, анда ал кайда? Убагында Конституцияны Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен») башында тургандар даярдашкан. Суроону ага узатыш керек деп ойлойм. Ошондой эле суроону документке жооптуу катчылыкка бериш керек. Конституциянын түп нускасы кайда деген суроого мен сиздерге тастыкталган так жоопту айта албайм. Мен ал кезде иштечү эмесмин жана бул маселеге эмнегедир кызыкпаптырмын», – деди ал депутаттарга.

Кийинчерээк М.Абдылдаев Конституциянын түп нускасы тууралуу айткандарын тактады.
«Мен тактайын дедим эле. Архивде Роза Отунбаеванын колу коюлган Убактылуу өкмөттүн декрети бар экен. Ага Конституциянын долбоору тиркелиптир. Маселе, аны (долбоорду, – ред.) түп нуска деп саноого болобу? Мен бул документти көрдүм, ал ар түрдүү шрифттер менен басылыптыр, карандаш менен оңдолгон жерлери бар, жана документ парафирленбептир (алдын ала тастыкталган эмес, – ред.)», – деди ал.

http://www.turmush.kg/news:313095