Рус Кырг Eng

“Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги: макул же каршы” онлайн талкуусунун жыйынтыгы

01.07.22
“Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги: макул же каршы” онлайн талкуусунун жыйынтыгы

2022-жылдын 1-июлунда биз КРнын айрым мыйзам актыларына, тактап айтканда, КРнын Кылмыш-жаза кодексине жана КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси боюнча онлайн талкуу өткөрдүк.

Өзгөртүүлөр мамлекеттик органдардын чечимдерди кабыл алуудагы жоопкерчилигине тиешелүү.

Бул демилгени талкуулоо үчүн биз төмөнкү баяндамачыларды чакырдык:

  • Мамытканов Шеримкул Замирбекович – КРнын Юстиция министрлигинин Социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси.
  • Калыбеков Адилет Маратбекович – КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси.
  • Клара Сооронкулова – президенттикке талапкер, конституциялык палатанын мурдагы судьясы, «Укук мектеби» коомдук бирикмесинин төрайымы.

“Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан даярдалган “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу “Жарандык платформа” коомдук фондунун өкүлдөрү айтып берди.

Андан ары сөз мыйзам долбоорунун демилгечиси – Юстиция министрлигине берилди. Мыйзам долбоорунун концепциясы менен Юстиция министрлигинин өкүлү – Шеримкул Мамытканов кыскача тааныштырды.

Мыйзамдын негизги максаты жана милдети Кодекске төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу КРнын мамлекеттик кызматкерлерди коргоо механизмин түзүү болуп саналат:

  • Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын кызматтык милдеттерин аткаруу процессинде жасаган аракети же аракетсиздиги кылмыш болуп саналбайт.
  • Министрлер Кабинетинин мүчөсү, өзүнө жүктөлгөн мамлекеттик органдын ишин уюштурганы жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктардын аткарылышын, кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын чечимдерин же аткарылышын камсыз кылгандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылбайт.

Маселени башка ыкма менен чечүү мүмкүн эместигин Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Адилет Калыбеков да белгиледи. Ошондой эле, долбоорду мамлекеттик органдар менен макулдашып, айрым пункттар боюнча угууларды өткөрүү зарыл экенин баса белгиледи.

Бул маселе боюнча эксперт – Клара Сооронкулованы да чакырганбыз, ал мыйзам долбоору эмне үчүн кабыл алынбай жатканы, анын кабыл алынышы кандай тобокелчиликтер бар экендиги тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.

Демилге тууралуу кеңири талкуу төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар: https://www.facebook.com/platformakg/videos/562537755453447

Биздин медиа өнөктөшүбүз Kaktus.media га өзүнүн платформаларында уктурууларды түзүп бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз.