Рус Кырг Eng

БШК Токмокто добуштарды кайра саноо тууралуу чечимди жокко чыгарды

БШК Токмокто добуштарды кайра саноо тууралуу чечимди жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешине шайлоодогу добуштарды кайра эсептеп чыгуу тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды.

“Эмгек” жана “Асыл Мурас-Жаштар” партиялары бул шаардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган жана ал 16-июлда колдоо тапкан.

Бирок “Бирге-Вместе”, “Эл Биримдиги” жана “Патриот Ынтымагы” партиялары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана добуштарды кайра эсептөө тууралуу токтомго каршылыгын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арызданышкан. Боршайкомдун жумушчу тобу маселени 18-июлда карап добуштарды кайра эсептөө тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимди негизсиз деп тапты.

11-июлда Токмок шаардык кеңешине шайлоодо жогоруда аталган партиялардын баары өткөн.

https://www.azattyk.org/a/31365536.html