Рус Кырг Eng

Бишкек: шаардык кеңешке алты партия өтүп, мандаттар бөлүштүрүлдү

Бишкек: шаардык кеңешке алты партия өтүп, мандаттар бөлүштүрүлдү

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлда өткөн шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, аны өттү деп тапты. Мекеме мындай чечим 17-18-июль күндөрү жыйынтыктоочу жыйында кабыл алынганын билдирди.

Кайра шайлоого катышкан 18 саясий партиянын ичинен алтоо 7 пайыздык босого чектен өттү. Ага ылайык “Эмгек” 11 мандат, “Ата-Журт Кыргызстан” 9 мандат, “Ишеним” сегиз мандат, “Ынтымак” жети мандат, “Өнүгүү-Прогресс” менен “Социал-демократтар” партиялары бештен мандат алды.

Бишкекте 227 шайлоо тилкесинде 104 141 шайлоочу добуш берип, 710 бюллетень жараксыз деп табылды.

Кыргызстанда быйыл 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринде мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлга дайындалган.

Бул үч шаардык кеңешке өткөн партияларга 24-июлга чейин мандаттар берилет. Бишкек менен Ош шаардык кеңешинде 45тен, Токмок шаардык кеңешинде 31 орун бар.

https://www.azattyk.org/a/31365760.html