Рус Кырг Eng

Жогорку Кеңештин жаңы түзүмү талкууда

Эми алдыда парламенттик шайлоо турат. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш бир жана көп мандаттуу тутум аркылуу шайланып келет. Ал эми депутаттардын саны 120дан 90го кыскартылган.

Парламенттин түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдүн оң жана айрым учурда терс да кесепети болушу мүмкүн дешет адистер. Маселе бүгүн эксперттик коомчулуктун, борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана депутаттардын катышуусунда талкууланды.